www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен АКШ мамилесинин сууганы, визалык чектөө, албетте, биздин өлкө үчүн өнүкпөй эле артка чегинүү болду. Кырдаалга жаны кейиген социалдык тармак колдонуучусу Адилет Айтикеев “КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен АКШдагы КР элчиси Болот Отунбаев отставкага кетсин! Дипломаттын ишинин мыктылыгы – менимче, анын эл аралык деңгээлде өлкөнүн аброюн коргой алганы, кандайдыр бир кырдаал жаралса, аны чечүү үчүн жан үрөп, эгерде кайсы бир маселе боюнча өлкө жетекчилиги түшүнбөй калса, ынандырып, өлкөнүн аброюн көтөрө билгенинде. Ал эми биздин тышкы иштер министри Айдарбеков кайра беттырмалык кылып, АКШны күнөөлөп чыкты. Беларусь мамлекети дагы биздин абалда болгонуна карабай, алар так ушундай эле мамлекеттин тышкы мекемелеринин жана өлкө жетекчисинин ыкчам аракетинин натыйжасында, ал коркунучту жоюуга жетишти” деген пикирин билдирди. Албетте, бул пикирдин да чындыгы бар.

Мамлекеттик кызматты аркалаган ар бир кадр өз ишине тыкан болсо, мындай иштердин алдын алып, элге, коомчулукка, бийликтегилерге коңгуроо кагып, чырылдап-чыркырап чыгышса, балким Африка өлкөлөрүнүн катарына кошулбай калмакпыз...

-- Мен кыргыз-америка мамилесине элчи мырзаны күнөөлөбөс элем. Себеби, авторитардык кландык өлкөдө элчи маанилүү маселелерди чече албайт. Эки тараптын мамилесинин бузулушуна акыркы тогуз жылдагы өлкөдөгү жалпы абал жана сабатсыз тышкы саясаттын натыйжасы себепкер. Бирок, биздин бийлик маанилүү тышкы саясатты жана геосаясатты коңшу мамлекеттерибиз менен бирге алпарышы өтө манилүү. 2015-жылда үзүлгөн мамилелерди жок дегенде Өзбекстан жана Казакстан сыяктуу коңшуларыбыздын деңгээлине жеткирүү, туруктуу жолго салуу биримдикти күчөтмөк.

Жамиля Нурманбетова

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости