www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Батькивщина" партиясынын лидери Юлия Тимошенко парламенттин президумуна бөгөт коюу учурунда Жогорку Раданын төрагасынын микрофонун сындырып алган.

Тимошенко  жер рыногу боюнча мыйзам долбоору каралардан мурда парламенттин төрагасынын жолун тосуп, микрофонун жулуп алуу мезгилинде колун кесип алды. Бул тууралуу Украина басылмалары жазып чыгышты.

Жогорку Раданын  төрагасы Дмитрий Разумков парламенттин трибунасынан жыйналышты уланта албашын билдирип, сөздү 1-орун басары Руслан Стефанчукка берген.

 

Украина басма сөз кызматынын маалыматына караганда Тимошенка төраганын ордуна туруп алган. Бул учурда парламенттеги 2-3 партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда пикир келишпестик чыгып, жаңжалга айланып кеткен.

Тимошенко жулуп алган микрофон тууралуу сөз болуп, микрофондун баасы эки миң доллар тураарын жана зыянды Тимошенко өз чөнтөгүнөн төлөшү керектиги чиновниктер тарабынан айтылды.


В Верховной Раде подрались депутаты из-за закона о продаже земли

Булак: NazarNews.kg

Последние новости