www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ар бир мамлекетте адамдын укугун, эркиндигин жана коомдук коопсуздугун коргогон органдар бар. Биздин мамлекетте ошол милдеттерди милиция кызматкери аткарат. Милиция кызматкеринин ишмердүүлүгү жарандардын
укугун жана эркиндигин сактоо менен бирге адамдар менен мыйзам чегинде мамиле куруу принциптери менен иш алып барат. Кыргыз Республикасында региондорду өнүктүрүү, санариптештирүүнү өркүндөтүүнүн алкагында ички иштер органдарында сезилерлик реформаны жүргүзүп жатабыз. Мен жогоруда алардын айрым бир негизги багыттарына гана токтолдум, себеби, ага бир канча полоса кетип калышы толук мүмкүн.
Учурда ички иштер органдарынын укуктук-мыйзамдык негиздери жолго салынды, милициянын ишмердүүлүгүн арттыруу, анын сапаттык деңгээлин көтөрүү боюнча уюштуруучулук-штаттык жактан оптималдаштыруу боюнча иштер жолго коюлду. Милициянын ишмердигин баалоо боюнча критерийлер коом менен ички иштер органдарынын өз ара мамилесин күчтөндүрүүгө багыт алды. Бул болсо реформалык өзгөрүүлөрдүн негизги талабы эмеспи, демек милиция ар дайым мекен чегинде элибизге кызмат өтөөнүн жогорку деңгээлине жетет деген терең ишеничим бар, ал ишенич менде гана эмес жалпы коомчулукта бар. Ал үчүн ар бирибиз (милиция кызматкерлерин айтамын) мамлектебиз үчүн тер төгө иштеп, элге болгон кызматыбыздын сапатын арттырууга тийишпиз. Мен милиция кызматкерлеринен ушуну талап кылам жана бул багытта тынымсыз иш аракеттерди колго алып келебиз.
Булак: NazarNews.kg