www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын 5314 жараны майрамга байланыштуу Кыргызстандан чыгып кеткен. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов маалымдады.
Маалыматка караганда, 2019-жылы Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы Кытайдын 8900 жарынына иштөө үчүн уруксат документин берип, алар иштеп жүрүшкөн.
Бирок, 2020-жылдын январь айында майрамга байланыштуу 5314 кытай жараны Кыргызстандан чыгып кетип, кайтып келе элек.
Ал эми ушул тапта, өлкөбүздө жумуш үчүн уруксат алган 1953 кытай жараны иштеп жүрөт. Негизинен 2019-жылы чет өлкөлүк жарандарга жумуш үчүн бөлүнгөн 17400 квотанын 12400ү пайдаланылды.
Кыргызстанда кытайлык инвестор ишканалар көп болгондугуна байланыштуу, Кытай өлкөсүнүн жарандарына квота көп бөлүнүп берилгендигин билдирди Ибраимжанов
Булак: NazarNews.kg