www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин министрлик, тармактык жетекчилер кызматка келсе эле ишинен жыйынтык көргөзгөндүн ордуна, өз кадрларын кызматка коюу менен алектене баштайт. Реформа, иштен жыйынтык көргөзүү деген изги кадамдар экинчи планга калып кетет.

Мисалга айтсак, өкмөткө караштуу Салык кызматынын жетекчиси Кабыл Абдалиевдин кол алдындагы кызматкерлерин мажбурлап жумуштан алып атканы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков айтып чыкты.

Фактысы менен. Депутат Алтынбеков ушак кылган жок, болгондо да комитеттин жыйынында бетине айтты. Кабыл мырза кайпактап жооп таппай калды. «Өз арызынын негизинде жумуштан кетти» деп боорду эзди. Жетекчи чакырып алып, арыз жаз деп опузалап атса, кайсы кызматкер болбосун арызын жазат да!

Салык кызматын «майлуу-сүттүү» тармак катары жакшы билебиз. Кимиси кетип кимиси келсе дагы, орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт да. Бирок, Кабыл Абдалиевдин капчыгындагы «сумма» сөзсүз өзгөрөт, туурабы?

Булак: "De-facto"

Последние новости