www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азаттык» радиосу соттон кутулду

31-майда Бишкектин Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын өтүнүчүнүн негизинде "Азаттык Медиа" мекемесинин банк эсептерине коюлган чектөөнү алуу боюнча чечимин чыгарды. «Азаттык» соттон кутулду. Ал эми «Заноза» болсо «тутулду». Дегеним, алардын соту эртең болот.

Эскерте кетсек, "Азаттык" радиосу жана "Заноза" интернет басылмасын  "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана анын юристтеринин билдирүүлөрүнө байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди” деп башкы прокурор Индира Жолдубаева март айында сотко берген. "Азаттыкка" 20 миллион сомдук доо коюлуп, банк эсептерине чектөө киргизилген.

12-майда Алмазбек Атамбаев «Азаттык Медиа» мекемесине карата доо талаптарын артка алуу маселесин кароону Башкы прокуратурага сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости