www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Кыргызпатент аудиовизуалдык чөйрөдөгү автордук укук маселелери боюнча тегерек үстөл өткөрдү. Бу иш-чаранын максаты - автордук укук коргоо жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо, аудиовизуалдык чыгармалардын автордук жана чектеш укуктарын коргоо тутумун толуктоо жолдорун аныктоо.
Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө кинематография чөйрөсүндөгү көйгөйлөр, радио-телеберүүлөрдөгү музыкалык чыгармалардын автордук укук коргоо маселелери талкууланды. Аудиовизуалдык чөйрөдөгү автордук укук келишимдерди жөнгө салуу тажрыйбасы каралды.
Иш-чарага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, чыгармачыл уюмдардын, жогорку жана атайын-орто окуу жайларынын, телерадиокомпаниялардын, кинотеатрлардын өкүлдөрү, авторлор жана композиторлор катышты.
Тегерек үстөлдүн соңунда автордук жана чектеш укуктар жаатындагы мыйзам базасын жакшыртуу боюнча биргелешкен ишмердикти улантуу сунушталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости