www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-майда, вице-премьер-министр  Чолпон Султанбекова  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы Воевнно-Антоновка жетим балдар үйүнө барды.

Өкмөт тарабынан жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын келечегине кам көрүүнү оптимизациялоо боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

«Кыргызстан боюнча балдардын 6% гана жетим балдар болуп эсептелет. Бирок жатак интернаттар жана балдар үйүнүн саны көп. Аларга мамлекет тарабынан ири суммадагы каражат бөлүнөт»,-деди Чолпон Султанбекова.

1946-жылдан бери иштеп келе жаткан Военно-Антоновка балдар үйүндө учурда 120 бала тарбияланат. Балдарга өз тандоосу менен чач тарач, ашпозчулук жана тигүүчүлүк ийримдерине катышып, келечекте бир кесиптин ээси болууга шарттар түзүлгөн.

Андан соң вице-премьер-министр Саламаттык сактоо министрлигине караштуу адистештирилген балдар үйүнө барды.

110 балага ылайыкталган адистештирилген балдар үйүндө учурда төрөлгөндөн баштап 4 жашка чейинки 89 наристе тарбияланат. Алардын көпчүлүгү психикалык жана нерв ооруларына чалдыккан балдар. Мамлекет тарабынан ар бир баланын күнүмдүк тамагына 105 сомдон, ал эми дары-дармегине 8 сомдон каражат бөлүнөт.

Вице-премьер-министр жаш наристелерди эртеңки майрамы менен куттуктап, кең келечек жана бактылуу балалык каалап, аларды карап жаткан тарбиячыларга ыраазычылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости