www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курманбек Бакиевдин кандуу режими тушунда «Азаттык» радиосу оппозициялык маанайда маалымат таратуу жагынан камчы салдырбай, алдыңкы ММКлардын сабында болчу. Агезде жетекчиси Кубат Оторбаев эле. Кийин башчылары алмашып отуруп, Султан Каназаров «Азаттыкты» тейлей баштаганда орточул позицияны карманса, ал эми учурдагы Айзада Касмалиеванын «доорунда» бийликчил өңүткө өткөндөй элес калтырганы коомчулук тарабынан айтыла баштады.

Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаевдин аброюн коргоо боюнча башкы прокуратура аталган маалымат булагын миллиондорго сотко берип, кайра доо арызын кайтарып алганы эмнени билдирет? Баса, жакынкы күндөрү Атамбаевдин Россияга болгон беш күндүк иш-чарасында Айзада Касмалиева да аралашып барып калганы кандай? Негизи президенттик аппарат бийликчил гана ММКларды делегациялардын курамына кошот эмеспи. Эми мындан аркысын чечмелөөнүн кажети жок го…

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости