www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венера Жуматаева 400 миң долларлык үйү тууралуу эмнеге жалган айтат? «Азаттык» радиосунун Прагадагы директору Венера Жуматаеванын айлана-тегерегинде өтө көп сөздөр айтылып жатканы белгилүү. Ал өзү жетектеп турган бул маалымат булагын жеке финансылык кызыкчылыгын камсыздоочу башкы булак кылып алганы да конкреттүү далилдер менен айтыла баштады.

Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда андан түрдүү баалуу белектерди (хансарай, кымбат баалуу машина жана башка), андан сырткары айына 10 миңден 15 миң долларга чейин «айлык акы» алып турганы айтылууда. Буга чейин ага Алмазбек Атамбаев убагында Бишкек шаарынан баасы 350-400 миң АКШ долларын чапчыган хансарай белек кылганы, аны Венера айым уулу Эрмек Жуматаевге каттатып койгону тууралуу маалымат булактары жазып чыккан. Мына ушул үйү тууралуу Венера Жуматаева өзү «Фейсбуктагы» баракчасына пост жазып чыккан эле. Анда ал мурда 4-кичирайондо 2 бөлмөлүү батирлери болгонун, анан аны сатып дагы эки досунун үй-бүлөсү менен биргеликте Арча-Бешикте 450 чарчы метрлик үй салып, үчөө үч жагынан эшик чыгарып жашап алышканын жазган. Бирок, биздин колго тийген документке таянсак, баары башкача.

Ал документтер чындыгында эле В. Жуматаеванын Бишкек шаарынын Бакаев көчөсү (мурдагы Чапаев) 146б дарегинде үйү бар экенин ырастап турат. Болгону аны Венера айым ар кандай сөздөрдөн алыс болоюн деген ниетте уулу Эрмек Жуматаевге каттатып койгон экен. Колго тийген документтерде жер тилкеси жана андагы курулуш да Эрмек Жуматаевге таандык, болгондо да эч кандай үч үй-бүлө эмес эле, жалгыз эле анын өзүнө таандык экенин көрсөтүлүп турат. Индивидуалдык долбоордогу бул үйгө макулдук 2016-жылдын 2-сентябрында берилген. 661191 номериндеги жеке менчикке ээлик кылганы тууралуу Мамактысы да бар, ал 2016-жылдын 26-июлунда берилген. Документте катталган күнү 2016-жылдын 6-сентябры деп турат. Бул үйдүн мурдагы ээси документ боюнча Орозалиева Гульсагира Оңолбековна деп турат. Мына ушунун өзү Венера Жуматаева «4-кичирайондогу батирибизди сатып, анан Арча-Бешикте үч үй-бүлө үй курганбыз» дегенин жалганга чыгарып жатабы?

Мындан сырткары, белгилей кете турган жагдай документте 2015-жылдын 7-майында Эрмек Жуматаев ал үйгө үлүштүк катыштыгы бардыгы боюнча келишим түзүлгөн. Ал эми 2016-жылдын 24-августунда ал мүлккө толугу менен ээлик кылып калганы боюнча келишим түзүлгөн. Документ боюнча үйдүн жалпы аянты 292 чарчы метр, пайдалуу аянты 153,6 чарчы метр. Үй 2015-жылы эки кабат болуп курулган. Ал эми Венера айым өзү жазган постто үч үй-бүлөнүн ар бирине 150 чарчы метрден туш келгенин жазган. Демек, анын маалыматы жалганга чыгып жатабы? Анан дагы ал үй Венера айым айткандай Арча-Бешикте эмес, жалаң хансарайлар салынган, байлар жашаган «Киргизия-1де». Эми мына ушул маалыматтарга Жуматаева өзү эмне дээр экен? Же дагы башка жалганды айтып чыгабы?

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости