www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэриясы жаш ишкерлер менен биргеликте “Желимсиз Бишкек” акциясынын алкагында пластиктерди чогултуу үчүн атайын урналарды орното башташты.  

Шаардык мэриянын маалыматына караганда, Бишкектин Түштүк магистралдагы жаңы салынган эс алуу жайына бийиктиги эки метрден ашкан эки урна орнотулду. Ар бирине бир толтурганда миңдей желим бөтөлкө батат.

Мэрия бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү үчүн жиберүүгө бул ыңгайлуу экенин билдирди.

Долбоордун авторлору бөтөлкөлөрдү топтолгон көлөмүнө жараша кечки саат 12ден таңкы саат бешке чейин жыйнап кетип турушат. Алар мындай урнадан дагы 60ты жасоо боюнча демөөрчүлөр менен сүйлөшүп жатышат. Бир урнанын баасы орточо жети миң сом турат.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости