www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын

Президенти Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВго. 

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешине.

Көчүрмөсү: Массалык маалымат каражаттарына.

Жалал-Абад шаарынын “Спутник” кичи районундагы

Жеңижок көчөсүнүн 56/19 дарегинде жашаган

Егембердиева Сыланкандан

Тел: 0772 139564

                                           

                    К А Й Р Ы Л У У                                              

                                           Урматтуу Президент!

Кыргызстанда укук коргоо органдарын, сот системасын түптамырынан рефомалап, алар кылмышкерлерге, алдамчыларга, коомду бузуучуларга кызмат кылбастан, аларга карыш күрөшө турган, ак ниет, карапайым жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргой турган абалга алып келүү зарылдыгы бар.

Бир нече жылдардан бери жүрүп жаткан сот реформасы иш жүзүндө эч нерсени өзгөртө элек, дагы коррупциянын очогу ошол сот системасы болууда. Дагы эле жарандарыбыз соттордун кордугун көрүп, адилетсиз чечимдер, өкүмдөр чыгууда. Кылмышкерлерду колдоо, жабырлануучуларды кордоо кадимки көрүнүшкө айланган. Буга төмөнкү талашсыз фактыларды мисал катары келтирип кетким келет.

Мен Егембердиева Сыланкан жашым 55те, төрт баланын энесимин. Өмүр бою ак эмгек менен жашап келем. Буга чейин 22 жыл бою Жалал-Абад шаарындагы тамеки заводунда 22 жыл иштегем, кийин өлкөбүз эгемендик алып, заводдун иши токтоп калган соң жеке ишмердик менен алектенип келдим. Бирөөнүн акысын жебей, балдарымды ак эмгегим менен багып өстүрдүм.

Бирок, коомубузда бирөөнү алдап, алдамчылык менен жашап көнгөндөр бар экен, алардан жабыр тартып жүрөм. Мен 2013-жылы июлда Тамара Сулайманкулова аркылуу Тамара Эрматова менен таанышкам. Ал азыр Бишкекте жашайт. Тамаралар өз ара жакшы достордон экен. Т. Эрматова мага кайрылып, Бишкекте там салып жатышканын, кызына жуучу да келип калганын, акча өтө керек болуп калганын айтат. Т. Сулайманкулова аркылуу менден ири суммадагы акча алып, кийин кайтарып берген.

Анан эле 2013-жылы декабрда Россиядагы өнөктөр менен кургатылган жемиш жөнөтүү боюнча иштеп жатканын, атайын долбоору барлыгын айтып, менден жардам сурап калды. Ал банктан 100 миң АКШ долларын алышы керек, бирок аны 10 миң АКШ долларын “шапкеге” берип алышка туура келет экен. Эгер алса, 50 миң долларды мага берип, мен түштүк аймакта кургатылган жемишти жөнөтүү ишин алып барат экем. Ал эми 10 миң долларды бери болгондо 1, ары болсо 2 айда бермек болду. Мен ага ишендим да ар кимден акча чогултуп, 10 миң доллар таап бердим.

Дагы бир кызык жери, 10 миң долларды алуу үчүн күрөө коюш керек эле. Аны үчүн Абдиева Бүзейнептин эки бөлмөлүү үйүн күрөөгө койдук, ал ооруп жүргөндүктөн, акчага муктаж эле. Т. Эрматова үйүн күрөөгө койгону үчүн Б. Адыловага 20 миң сом бермек болгон, бирок ошол бойдон берген жок. Мен ошол ар кимден алган 10 миң долларымды ушул кезге чейин ала элекмин, Т. Эрматова мени алдап кетти. Болгондо да ал акчаны 10 пайыз үстөгү менен алган болчумун. Алданып калсам да, бирөөлөрдүн акчасын үстөк пайызы менен төлөп берүүгө туура келди. Бул мага өтө кыйынчылыкка турду. Аргам кеткенде 2017-жылы январь айында Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз жазып кайрылдым. Бирок, тергөөчү, милициянын майору Т. Токтогулов 20-январь күнү кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бул иш сот аркылуу чечилиши керек деди. Ошентип бир жыл арыбери чуркадым. Шаардык прокуратурага кайрылдым, анын жардамы аркасында 2018-жылы февралда шаардык милиция кылмыш ишин козгоо жана өндүрүшкө алуу чечимин кабыл алды. Ошол эле жылы 21-апрелде Жалал-Абад шаардык соту бул ишти карап, Т. Эрматова кармалган күндөн баштап камакка алынсын деген тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырды, 22-апрелден издөө жарыяланды. 2018-жылы 6-июнда шаардык сот кармалган Т. Эрматованы камакка алуу тууралуу токтом чыгарды. Тергөө амалдары жүрбөйт, анын ортосунда Т. Эрматова баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча областтык сотко кайрылат, 19-июнда болгон сот анын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Мен шаардык милициянын тергөөчүлөрү ишти алып барбай атканынан ошол эле күнү Жалал-Абад областтык ички иштер башкармасына арыздандым, алар кылмыш ишин областтык тергөөчүгө беришти. Бирок, шардк сот да ушул маселеде шашылыш иш карап, ошол эле 19-июнь күнү кечинде Т. Эрматованы баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча тергөөчү С. Султановдун өтүнүчү менен аны үй камагына чыгарат. Мен буга нааразы болуп, областтык сотко арыздандым. Областтык сот 2018-жылдын 22-майында менин өтүнүчүмдү канааттандыруусуз калтырды.

Областтык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Шадыканов Т. Эрматованын күйөсүн чакырып, мага телефон чалдырат. Телефондо күйөсү эртең Россиядан акча келе турганын, мага эртең 175 миң сом берерин, калган сумманы да тез арада таап берерин, бул ишти жакшылык менен эле бүтүрөлү деген сунушту айтат. Мен ага макул болдум. Бирок, ал ошол бойдон мага жолуккан да, акчаны берген да жок, дагы алдап кетишти. Ал эми тергөөчү Нурлан Шадыканов мындан пайдаланып, кылмыш ишин кыскартып салды да, кезектеги алдамчылыкка шерик болду.

Мен карап турбадым, Бакшы прокуратурага арыздандым, алардын көзөмөлү менен кылмыш иши кайра жандады. Тергөө амалдарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү алып барды.

Ал ортодо Т. Эрматовага Базар-Коргон районунан да кылмыш иши козголуп, бул эки иш бириктирилип тергеле баштайт. Тергөөчү баш коргоо чарасын камакка алууга өзгөртүү боюнча шаардык сотко барат, сот Жалал-Абад шаардык сотунда 2018-жылы 27-декабрда болуп, тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылбады. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад шаардык соту Т. Эрматованын ишин үч ай бою ар кандай шылтоолор менен караган жок. Негизги себеби болуп анын ооруганы, амбулатордук дарыланууда жүргөнү болду. Бирок, амбулатордук дарылануу сотто ишти карабай коюуга негиз боло алмак эмес.

Акыры 2019-жылы 24-апрелде сот болду, иш каралды, бирок сот Т. Эрматованын баш коргоо чарасын дагы эле мурдагыдай калтырды. Ошол эле сот 6-июнда да ишти карап, Т. Эрматова амбулатордук дарыланууда жүрөт деп, жазык ишин токтотуп туруу чечимин кабыл алды. Бул шаардык соттун судья Элмира Сулайманованын адилетсиз чечими эле.

Акырында менде Жалал-Абад шаардык сотуна, судьяларына болгон ишеним ү калбады. Судья К.Т. Үмөталиевге ишенбестигимди билдирдим, 2019 - жылдын 2-майындагы сот жараянында менин өтүнүчүм каралып, ал канааттандырылды.

Дагы бир фактыга көңүлүңүздү бурайын. Т. Эрматованын менден 10 миң долларды алдап алганы боюнча Сокулук райондук сотуна да арыздангам. Сокулук райондук соту 2018-жылдын апрелинен баштап, 2019-жылдын мартына чейин ар кандай шылтоолор менен ишти караган жок. Ошол бойдон каралбай кала берди.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кыргызстандагы соттордун карапайым жаранга, алардын укуктары менен кызыкчылыктарына, мыйзамга жана Сизге жасаган мамилеси ушундай. Сиз сотторго адилет болууну тапшыргансыз, Кудайдан корккула дегенсиз, бирок булар Сиздин создү угуп да коюшкан жок. Булар эч нерседен коркушпайт, муну менин мисалдарымдан көрүп турасыз.

Жалал-Абад шаардык соту алдамчыны коргоп, сактап келе жатат. Баш коргоо чарасын өзгөртүшпөйт, кала берсе кылмыш ишин да карабай, негиз боло албаган амбулатордук дарыланууну бетке кармашат. Бирок, менин, карапайым жабырлануучу жарандын кызыкчылыктарын ойлоп да коюшкан жок.

Сизден сот системасынын ишин адилеттүүрөөк жүргүзүү боюнча кескин чараларды көрүүнү суранам жана күтөм. Ошондой эле менин алдамчыларга жана сотторго кор болгон мисалдарым, фактылар боюнча чара көрүүңүздү өтүнүп суранам.

Кыргызстанда адилеттик болобу же жокпу? Ошону өз мисалымдан, Сиздин аракеттериңизден билгим келет.

Сизден жардам күтүп, Егембердиева Сыланкан.

3-сентябрь 2019-жыл. Жалал-Абад шаары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости