www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек ЖЭБи кышкы жүктөмдөрдүн максимумун аткарууга даяр. Бул тууралуу “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бардык жабдуулар керектүү көлөмдөгү оңдоп-даярдоо иштеринен өткөрүлдү. Бишкек ЖЭБи үчүн Д, ДГ жана Г маркаларындагы көмүрдү жеткирүүгө тендердин жеңүүчүсү аныкталган. 2019-2020-жылдарынын күз-кыш жылытуу мезгили үчүн Бишкек ЖЭБине көмүрдү жеткирүүчүлөрдүн бири болуп "КонтактУглеПром" ТОО табылды.
Жеткирүүлөрдүн графиги 2020-жылдын мартына чейин эсептелген, биринчи көлөмү сентябрда келип калат.
Бүгүнкү күнү, Бишкек ЖЭБинде 80 миң тонна көмүр бар, Кара-Кече отунун жеткирүүлөр жүргүзүлүп жатат. Станциянын үзгүлтүксүз иштеши үчүн ушул көлөм жетиштүү. Ошондой эле, ДСШ маркасындагы көмүрдү жеткирүүгө тендер ушул жумада жарыяланат. Бардыгы, күз-кыш жылытуу мезгилине Бишкек ЖЭБи үчүн 1 млн. 140 миң тонна көмүр даярдалат.
Өткөн күнү ишкана 1 млн. 421 миң кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгарды.
Бишкек ЖЭБи - өлкөбүздүн түндүгүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу жалгыз ири жердин бири, кыш мезгилинде күнүнө 6-7 млн.кВт/саат чейин иштеп чыгарат.
Булак: "NazarNews.kg"