www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжан жана Армения чек арада ок атышпоо шартын бузгандыгы үчүн бири-бирин айыптап жатышат.  Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Азербайжандын Коргоо министрилиги армениялык күчтөр чабуул койгондо эки аскери окко учканын, бешөө жарадар болгонун 12-июлда билдирди. Министрлик Тавуш чөлкөмүндөгү чабуулга азери жоокерлер жооп кайтарганын кошумчалады.

Ал тапта Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян Бакуну армян позицияларын ээлеп алуу максатында артиллерия пайдаланганды деп айыптады. Степанян Фэйсбуктагы постунда “чабуулдун мизи кайтарылганын, каршы тарап жоготууларга учураганын, армян тараптан эч ким жабыркабаганын” жазды.

Эки кошуна ондогон жылдан бери Азербайжандын жикчил Толуу Карабак аймагы айынан тутанган жаңжалды жөнгө сала албай келатышат. Ереван колдогон жикчилер негизинен армяндар жашаган аймакты 1990-жылдардын башында өз көзөмөлүнө алышкан. Урушта 30 миңден ашуун киши өлгөн. Жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүү аракеттеринен майнап чыкпай келатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости