www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан өкмөтү түрмө реформасы жөнүндө программа бекитти. Документте жабык мекемелердеги 10дон ашуун көйгөйлөр эске алынган. Анын ичинде соттолгондор отурган имараттардын тардыгы, стандарттарга жооп бербей турганы белгиленген. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Программада өмүр бою эркинен ажыратылган кишилердин саны көбөйүп жатканы, бирок алар үчүн өзүнчө колониялар жок экени айтылган. Буга байланышуу өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн атайын түрмөлөрдү куруу, биринчи жолу соттолгондорду рецидивисттерден бөлүү сунушталууда.

Бул арада жабык мекемелерде жазасын өтөп жаткандардын 20% гана иш менен камсыздалган. Түрмөлөрдөгү цехтердин көбү иштебей турат. Документтин авторлору эгер соттолгондорго иш берүү жолго коюлса, түрмөлөрдү камсыздоо жакшырат деп эсептешет.

Тажикстанда бир түрмө сакчысына 150-200 соттолуучу туура келет. Программанын авторлору мындай учурда кызматкерлер өз милдеттерин так аткара албай турганы, түрмөдө тирешүү, башаламандык көбөйүшү ыктымал экенин эске салышкан.

Расмий статистика боюнча Тажикстанда 19 тергөө абагы жана түрмөлөр бар. 2019-жылы мунапыс жөнүндөгү мыйзам кабыл алынганга чейин жабык мекемелерде 13 миң киши болгон. Мунапыс менен 7 миңден ашуун адам эркиндикке чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости