www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист маркум Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева Чубак ажы Жалиловду эскерди.
“Чубак ажыны биринчи жолу турмуш курардан мурун Улан экөөбуз мечитине барып жаш үй-бүлөлөрдүн дин алдындагы жоопкерчилиги тууралуу кеп-кеңешин угуп, дем салдырып кеткенде көргөм. Кичипейил, адамгерчиликтүү адам болчу. Уланга болгон сыйы, мээрими өзгөчө экенин сыртта турган узун кезекке карабай шашпай сүйлөшкөнүнөн улам билгем. Бизге ак жол каалап, илбериңки узаткан.
Ал мамилеси Уландын көзү өткөндөн кийин да уланды. Кышында “Балаңды бир көрүп, батамды берип, дем салып коёюн. Кантсе да элдин уулу”,- деп мечитине чакырды. Барсак баягыдай эле кезек. Бизди илгеркидей дароо кабыл алды. Белекти колуна алып, бир топко чейин унчукпай тиктеп отурду, анан бир аз эркелетип койду, дем салды... Рахмат айтып узадык. Бул сүрөт ошондо тартылган.
Андан көп өтпөй интернет аркылуу “Уландын уулуна бир нече китеп даярдап койдум, убактыңар болгондо мечиттен алып алгыла” деп жазыптыр. Ушунчалык ыраазы болдум. Бирок биз китепке баргыча, жаш туруп дүйнө салганы өтө өкүнүнүчтүү...
Китеп демекчи, Улан Азаттыкка Чубак ажынын үй китепканасы тууралуу абдан мыкты сюжет тарткан. Анан мага келип “Ошончо китепти жөн эле тизип койбой, ар бирин окуп чыгыптыр” деп суктанып айтып берди эле. Ушундай даанышман, адамгерчиликтүү кишинин дүйнө салганы баарыбызга кайгы. Жакындарына көңүл айтам. Ыйманы саламат болсун!”,-деп Сапаргүл Абдинабиева жазды.
Булак: NazarNews.kg