www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 10-октябрында саат 12.00дөн баштап Азербайжан Республикасынын, Армения Республикасынын жана Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлеринин ортосунда согуш туткундарын жана кагылышуу учурунда курман болгондордун сөөктөрүн алмашуу боюнча ок атууну токтотуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн.

Бул келишимдин гуманитардык бөлүгүнө карабастан, Армениянын куралдуу күчтөрү жетишилген келишимди одоно бузуп, Азербайжандын Агдам жана Тертер аймактарын аткылоого алды, ошондой эле Хадрут жана Джебраил багытында кол салууга аракет кылышты.

Суговушанда армян жоокерлеринин сөөктөрүн чогултуп жүргөн өзгөчө ак желеги бар тез жардам унаасы аткылоого алынып, натыйжада медицина кызматкери оор жаракат алган.

11-октябрга караган түнү Азербайжандын экинчи чоң шаары, алдыңкы чектен алыс жайгашкан Гянджа, Армениядан ракеталык аткылоого дуушар болуп, анын кесепетинен көптөгөн турак жайлар кыйрап, 9 карапайым тургун каза болуп, 34 адам, анын ичинде балдар ар кандай даражада оор жаракат алышты.

Буга байланыштуу Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги расмий билдирүү жасап, анда ок атышпоо келишиминен кийин карапайым калктын жана шаарлардын аткылануусу ачыктан-ачык одоно жоопкерсиздиктин дагы бир ачык мисалы, ал эми Армения жетекчилиги тарабынан ок атышууну токтотуу чакырыктары эки жүздүүлүктөн жана убакытты утуудан башка  эч нерсе эмес.

Армениянын жарандык объектилерди атайлап аткылоосу, анын эл аралык укуктун негизги ченемдерин, ошондой эле өзү кабыл алган милдеттенмелерин сактоону каалабагандыгын дагы бир жолу айгинелеп турат.

Азербайжан тарап Армениянын кезектеги агрессивдүү аракеттерин кескин айыптайт жана оккупант-өлкө Арменияны эл аралык укуктарды жана өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди аткарууга мажбурлоо боюнча чечкиндүү чараларды көрүүгө эл аралык коомчулукту чакырат.

Аймакта жаралган кырдаал үчүн бардык жоопкерчилик Армениянын аскердик-саясий жетекчилигине тиешелүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости