www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында курулуш иштери аяктоодо. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, 100 орунга ылайыкташтырылган оорукана 2020-жылдын июль айында курула башталган. Объекттерди каржылоо Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан жүргүзүлүп, 67,5 млн сом бөлүнгөн.

Учурда 4 блоктон турган объекттин курулушу бүткөрүү алдында турат. Төмөндөгү жумуштар бүткөрүлдү: имараттын чатыры жабылды, потолоктор жылууланды, полдор бетондолуп бүттү, ички дубалдар гипсокартон менен чапталып, жасалгалоо жумуштары бүткөрүлдү, эшиктер жана терезелер орнотулду, сырткы дубалдар профнастил менен чапталды, сырткы тепкичтердин тосмо дубалдарынын бетон жумуштары аягына чыкты.

Андан тышкары желдетүү каналдары, сигнализация тармагы, ичүүчү суу түтүктөрү, канализация түтүктөрү орнотулду жана электрмонтаждоо жумуштары бүткөрүлдү.

Азыркы учурда оорукананы жууп, тазалоо жана аянтын көрктөндүрүү боюнча жумуштар бүткөрүү алдында турат. Андан тышкары эмеректер орнотулууда жана жакынкы арада медициналык жабдуулар алынып келүүсү күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости