www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Илхам Алиев башында турган бийликтеги «Жаңы Азербайжан» партиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо жеңишке жетишкенин жарыялады. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Экзит-поллдордун жыйынтыгына караганда, партия парламенттеги 125 орундун 71ин алды.

Жекшембиде жарандардын 48% добуш берип, бул мурдагы шайлоолордон төмөн көрсөткүч болду.

Азербайжандагы шайлоого эл аралык байкоочулар көз салып турду. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун байкоочуларынын пикиринде, парламенттик шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолду. Бул расмий жыйынтыктын тактыгынан шек туудурат. Уюм Азербайжанда шайлоого бир нече талапкер катышканына карабай, чыныгы атаандаштык болгон жок деп эсептейт.

Шайлоого 20 саясий партиянын талапкерлери катышты. Ошол эле маалда бир катар партиялар шайлоого бойкот жарыялашкан.

Оппозиция өкүлдөрү добуш берүүдө бюллетендер топтому менен ташталып, «карусель» ыкмасы колдонулганын айтып чыгышты.

«Демократиялык демилгелер институту» шайлоо тилкерлеринде көз карандысыз байкоочуларга кысым өтө көп болгонун белгиледи.

Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү 2019-жылы декабрда «Жаңы Азербайжан» партиясы демилгелеген. Сунушту президент Илхам Алиев колдогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости