www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда Кордай окуяларына байланыштуу «жапырт түрдө башаламандык чыгаруу, башаламандыкка үндөө, бейбаштык, бийлик өкүлүнө кол көтөрүү, мүлктү жок кылуу жана мыйзамсыз түрдө колго курал жасоо» фактылары боюнча 25 кылмыш иши козголду.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен мекеме аралык ыкчам-тергөө тобу түзүлдү. Анын эң негизги максаты – уюштуруучуларды, чагымчылдарды жана күнөөлүүлөрдү табуу.

Казакстандын ИИМинин айтымында тургундардын коопсуздугун камсыздоо максатында полиция кызматы күнү-түнү иштеп жатат. Алар автотранспорттордун кыймыл-аракетин тыкыр көзөмөлдөп, жүргүнчүлөрдүн документтерин текшеришүүдө.

Эске сала кетсек, 9-февралда Масанчи айылында каза болгондорду көмүү зыйнаты башталды. Тартип бузгандардан үйүн жалгыз  коргоп каза болгон 6 баланын атасы 47 жаштагы Рамзан Харсаровдун сөөгү акыркы сапарга узатылды. Ал эми Сортобе айылында казак тили жана информатика мугалими-Малик Ясаровдун тажыясы болуп өткөн.

Полиция баш-аламандыкты уюштургандар жана чакыргандар жазасыз калбашына ишентиришүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости