www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине белгиленди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Шайлоо төмөндөгү жергиликтүү кеңештерге белгиленди:

— Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештерине;

— Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай айылдык кеңештерине, Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешине, Майлуу-Суу шаардык кеңешине;

— Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Коңорчок, Жерге-Тал айылдык кеңештерине, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чоң-Дөбө, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештерине;

— Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешине, Ысык-Көл районунун Кум-Бел айылдык кеңешине, Балыкчы, Каракол шаардык кеңештерине;

— Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешине, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешине, Токмок шаардык кеңешине;

— Ош облусунун Алай районунун Будалык, Коңур-Дөбө айылдык кеңештерине, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештерине, Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык кеңешине, Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке айылдык кеңештерине;

— Ош шаардык кеңешине.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости