www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-июлдан баштап Азербайжанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу дагы 2 апта күчөтүлгөн карантин узартылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыатка ылайык, карантин чараларынын күчөтүлүшү дагы 2 аптага, тагыраагы, 15 күнгө узартылышына коронавирус инфекциясынын таралышы себеп болгон.
Катуу карантин чаралары Азербайжандын Баку, Сумгайыт, Лянкяран, Мингячевир, Евлах, Жалилабад, Гянджа, Масаллы, Абшеронск, Геранбойск, Гёйгёльск, Барда, Хачмаз, Самухск, Сиязанск жана Шеки райондорунда улантылмакчы.
Бардык тейлөө жана соода тармагында, ошондой эле транспорт жана унаалардын кыймылы убактылуу токтотулган.
Азербайжанда коронавирус илдетине 27 миң 521 адам кабылса, 18 миң 967 бейтап оорудан айыккан. 354 адам тилекке каршы, каза болгон.
Булак: NazarNews.kg