www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин социалдык тармактарда оорукананын кызыл зонасында иштеген Айтбосунова Самара аттуу санитарканын айлык маянасы 3000 сом деген маалымат тараган. Буга байланыштуу аты аталган санитарка өзү иштеген оорукананын башкы медайымы менен элге видеокайрылуу жолдоп, Интернетке чыкканына уялып жатканын айтты.
Мындан сырткары, ал иштеген оорукананын бухгалтери да сөз сүйлөп, анын айлыгы 3000 сом эмес, 5243 сом айлык маяна алып, соцфондго алынган суммадан кийин 4487 сом колуна ала турганын айтты.
Эске сала кетсек, "44 жаштагы Самара Айтбосунова Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында коронавирус илдети менен күрөшкөн “кызыл зонада” санитарка болуп иштейт. Алган маянасы болсо айына 3000 сом.
Айтбосунова күнүнө 24 саат иштейт. Азыркы тапта 5 күндөн бери үйүнө бара элек. Коронавирус жуктуруп алган дарыгерлер жана медициналык кызматкерлер дарыланып жаткан чатырда иштеп, жашайт", - деген маалымат социалдык тармактарда тарап, талкууларга себеп болгон.
Булак: NazarNews.kg