www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Алматы шаарында полиция кызматкери бачабазды кармоо үчүн 13-кабаттан секирип түштү. Бактыга жараша алар аман калган. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 31 жаштагы жаран жашы жете элек балдарды тоноо жана зордуктоо боюнча шектелип издөөгө алынган.

11-июлда белгисиз адам төрт жаштагы бала жана анын 15 жаштагы эжеси жашаган үйгө кирип, 17 миң долларды уурдап, кызды зордуктаган. Бул тууралуу укук коргоочуларга билдирүү келип түшкөндөн кийин шектүүнүн кайда жашынып жүргөнүн аныкташкан. Милициянын майору Бакытжан Бакиров шектүүнүн үйүнө сантехник катары барган.

"Издөөдө жүргөн адамдын үйүнө барганда ал качууга аракет кылып, ачык терезеден секирип түштү. Мен анын артынан секирдим", - деген Бакиров.

Шектүү менен кызматкер 2 кабат ылдыйдагы аянтчага кулап түшкөн. Тиешелүү кызмат келгенче милиция шектүүнү кармап турган. Ага карата 2 берененин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости