www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдөгү бардык добушканалар эртең менен ачылып, добуш берүү жүрүп жатат. Ага 19 саясий партия катышып, парламенттеги 125 орун үчүн 1,3 миңдей талапкер ат салышууда.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев былтыр декабрда парламентти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо февралда өтөрүн жарыялаган.

Бийликтеги «Жаңы Азербайжан» партиясы мунун себебин Милли Межлистин «жаңыланышы» менен түшүндүргөн.

Шайлоого оппозициячыл күчтөрдөн "Мусават" жана REAL ("Республикалык альтернатива") партиялары катышууда. Ал эми Оппозициячыл күчтөрдүн улуттук кеңеши бул шайлоо президенттин атасы Гейдар Алиевден башталган бийликти жакындарына өткөрүп берүү салтын бекемдейт деп сындап, ага катышуудан баш тарткан.

Добушканалар ачылгандан бери бир нече арыз келип түштү. Шайлоодо талапкерлердин бири, активист Бахтияр Гаджиев Бакудагы шайлоо участогунда президент добуш берет деген жүйө менен тоскоолдук жаралганын “Азаттыктын” азербайжан кызматына айтты.

Былтыр октябрь айынан тарта Азербайжан өкмөтүндө кадрдык өзгөрүүлөр башталган. Премьер-министр Новруз Мамедов кызматтан кетип, анын ордуна Алиевдин жардамчысы Али Асадов дайындалган. Ошондой эле президенттин администрациясында да бир катар кыскартуулар болгон.

Азербайжанда соңку парламенттик шайлоо 2015-жылы өткөн жана оппозициялык партиялар ага катышуудан баш тарткан. Илхам Алиев 10 миллиондой адам жашаган Азербайжанды 2003-жылдан бери башкарат. Ага чейин анын атасы Гейдар Алиев мамлекетти 10 жыл жетектеген.

Последние новости