www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык актриса Холли Берри кыргызстандык мушкер Валентина Шевченкону чемпиондук курун ийгиликтүү коргоп калганы менен куттуктады. 

Бүгүн, 9-февралда Хьюстон шаарында (Америка, Техас штаты) UFCнин кезектеги турниринде кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко АКШ мушкери Кетлин Чукогян менен беттеште Шевченко үстөмдүк көрсөтүп, үчүнчү раундда атаандашын нокаут менен жеңди.

Жеңиштен соң Холли Берри менен Валентина Шевченко чогуу сүрөткө түшүшкөн. Аны америкалык актриса Инстаграмдагы өздүк баракчасына жарыялаган.

Эске сала кетсек, Холли Берри менен Валентина Шевченко мушкер айым жөнүндө тасмага чогуу тартылышкан.

Посмотреть изображение в Твиттере

Тасма Жеки (анын ролун Холли Берри аткарат) аттуу ММА мушкери тууралуу тартылган. Сценарий боюнча аял негизги беттештен жеңилип калып, карьерасы артка кетет. Мушкер "жашоодо колуман мушташтан башка эч нерсе келбейт" деп эсептеп жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости