www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) кирүү маселеси каралса, Армения вето укугунан пайдаланат. Бул тууралуу Еревандан Армениянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Анна Нагдалян билдиргенин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун армян кызматы кабарлады. 

Азербайжандын ЖККУга мүчөлүгү боюнча маселени кийинки күндөрү Орусия менен Азербайжандын маалымат каражаттары, эки өлкөнүн парламент депутаттары, эксперттик жамааты талкуулоодо. Мындай талкуулар Орусия менен Азербайжандын саясий эле эмес, аскердик-техникалык кызматташтыгынын ыргагы жылдан-жылга күчөгөн шартта жүрүп жатат.

Орусия менен катар Беларусь да Азербайжанга куралды эң көп саткан өлкө болуп эсептелет.

Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольмдогу институттун (SIPRI) быйыл мартта чыккан соңку баяндамасына караганда, акыркы беш жылда Азербайжан импорттогон куралдын 65% орусиялык өндүрүштөн чыккан.

Быйыл июнда болсо Беларусь Азербайжанга “Полонез” реактивдик системасын сатканы ачыкка чыккан. Анын ракеталары 200 чакырымга чейин жетет. Беларусь менен Азербайжандын ортосундагы бул курал соодасын расмий Ереван дароо сынга алган.

ЖККУнун курамында Армения, Орусия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан бар. Уюмдун уставы боюнча анын алкагындагы чечимдер консенсус жолу менен кабыл алынышы керек жана ар бир өлкө жаңы мамлекеттин мүчө болушуна каршы чыгып, вето кое алат - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости