www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бешиктеги баланын,

Бек болоорун ким билсин?

Тагдыр буйруп экөөнүн,

Дос болоорун ким билсин?

 

Карыз акча уурдалып,

Жок болоорун ким билсин?

Премьерлер камалып,

Сот болоорун ким билсин?

 

ТЭЦ кашайып чилдеде,

Жарыларын ким билсин?

Он төрт миңге бир кычкач,

Алынарын ким билсин?

 

Гектар, гектар жерлердин,

Сатыларын ким билсин?

Албек доско кылмыш иш,

Ачылаарын ким билсин?

 

Шайтан напси Сапарга,

Жармашарын ким билсин?

Ак үй..,тобоо.., түрмөгө,

Алмашарын ким билсин?

 

Жаңы келген журт башы,

Курч чыгарын ким билсин?

Достукту эмес чындыкты,

Туу тутарын ким билсин?

 

Маматкадыр Тиллебаев, акын

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости