www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди союздаштык деңгээлге көтөрүүнү караган келишим Азербайжандын Милли Меджлисинде талкууга коюлат.
«Азербайжан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу» мыйзам долбоору даярдалды.
Мыйзам долбоору 14-сентябрда өтө турган Милли Меджлистин Эл аралык мамилелер жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин жыйынынын күн тартибине киргизилди.
Келишим союздаштык принциптердин негизинде Азербайжан менен Кыргызстандын саясий, экономикалык, коргонуу жана башка тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүнү карайт.
Комитетте талкуулангандан кийин мыйзам долбоору Милли Меджлистин жалпы жыйынына сунушталышы мүмкүн.