www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугун ижарачылардан сатып албоого чакырды.

Мэриянын маалыматына ылайык, мындай укуктарды сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Эгерде ижара келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулса же узартылбаса, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер демонтаждалса, шаардык бийлик жарандардын чыгымдары үчүн жоопкерчилик тартпай турганын белгиледи.

Мекеменин түшүндүрмөсүндө айтылгандай, мэрия жарандардын ортосунда түзүлгөн мындай бүтүмдөрдүн тарабы болуп саналбагандыктан, келтирилген чыгымдар үчүн компенсация төлөбөйт.

Ушуга байланыштуу шаар бийлиги муниципалдык мүлккө байланыштуу кандайдыр бир укуктарды сатып алардан мурда аларды мыйзамдуу тариздөө тартибин алдын ала тактап алууну сунуштады.

Кошумча маалымат жана консультация алуу үчүн жарандар Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына кайрыла алышат. Башкармалык Чүй проспектиси, 168 дарегинде жайгашкан.

Последние новости