www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжан Ысык-Көлгө беш жылдыздуу мейманкана куруу ниетинде. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Telegram-каналына жазды.
"Парламенттин Бюджет комитетинде Азербайжан менен Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманкана куруу боюнча макулдашууну карайбыз. Бул үчүн министрлер кабинети Кара-Ой айылынан 17 гектар жер бөлүп бермекчи. Анын 12 гектарына курулуш түшсө, төрт гектары парк, бир гектары пляж болот", — деп жазды депутат.
Бекешевдин айтымында, өкмөт пансионатка чейинки жолду куруп, мейманкананы 10 жылга чейин салыктан бошотуу милдетин алат. Мындан тышкары, мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен жерди 49 жылга берет. Өз кезегинде Азербайжан үч жылдын ичинде мейманкананы куруп бүтүшү керек, жумушчуларынын 70 пайызын жергиликтүү тургундар түзүшү кажет.
Булак: NazarNews.kg