www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжан мамлекетинин Габала шаарында өткөн  "Жаш куткаруучу" балдардын эл аралык мелдешинде Кыргызстандын атынан барган команда 2-орунду ишенимдүү түрдө багындырды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган беделдүү делген эл аралык мелдешке Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жана Куткаруу кызматынын адистери даярдаган курама команда өлкөнүн атынан барып, күч сынашты.  

"Жаш куткаруучу" эл аралык балдардын мелдеши негизги 3 бөлүктөн туруп, алар тилкедеги тоскоолдуктарды басып өтүү, өрт эстафетасы жана издеп-куткаруу боюнча өттү. Ошондой эле ар бир мамлекеттин бай тарыхы, маданияты, туристтик жайлары балдар тарабынан презентацияланды. 

Белгилей кетсек, аталган эл аралык балдардын мелдешине 6 мамлекеттен 13-17 жашка чейинки улан-кыздардан турган курама командалар катышты. Келечек муунду куткаруучу кесибине үндөөнү жана өлкөлөр ортосундагы бул багыттагы кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурулуп келе жаткан мелдешке Кыргызстан, Азербайжан, Турция, Өзбекистан, Пакистан, Казакстан мамлекеттери катышышты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости