www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ажалдан алып калган өспүрүм

Мен өмүр бою айдоочу болуп кызмат кылдым өкмөткө. Шоопурдук жумуш деле жеңил эмес, дайыма жолдосуң.

Жайдын ысык аптабында күнгө сызгырылып, кыштын ызгаарында суукка тоңуп, түнкүсүн элдин баары кызуу уйкуда жатканда уйкудан калып жолдо болуп, айтор, биздин жашообуз көпчүлүктөн өзгөчөлөнүп турат.

Өзгөчө машинелерибиз жолдо бузулуп калгандагы азабычы, кыш мезгилинде андан да тозокту көзүбүзгө көрсөтөт. Кычыраган аязда сыртта борошолоп кар жаап, бороон уруп турса кандай гана азап, муздак темир ачкычты кармап буроолорду бураган кандай гана азап. Жаныңда жардамдашаар эч ким жок болсо андан да кыйыныраак. Андай окуялар далай баштан өтпөдүбү.

Чиркин далай жолу ажал менен жекеме жеке кармашкан күндөр болду.

Өзүм көп жылдан бери айдоочу болуп иштеп жол азабын, көр азабын тартып көнгөн жаным, тажрыйбалуу болуп калат экенсиң. Кандай гана кыйынчылык болбосун сабырдуу болуп аны жеңип кетүүгө аракет кыласың. Кыш мезгилинде талаада бузулуп калганда жыгач топ-топ от жагып жылынган мезгилдер болгон. Ооба, жаныңда киши болсо жакшы жардамдашат, эч ким жок болсо баарын өзүң иштейсиң. Көп жылдык тажрыйбам бар болгондуктан машинем бузулса кайсыл жерден кеткенин дароо эле биле коём. Эптеп тырмалаңдап атып өзүм оңдоп алам. Кээ бир учурлар болот кыйналбай барып, кыйналбай келесиң. Ошондогу жаш кезимдеги бир окуя эсимден кетпейт.
Жүк алып алыскы сапарга чыктым. Жаңы-жыл алдында кыштын кычыраган мезгили болчу. Кочкордон Ат-Башыга жүк жеткирмекмин. Бул жактагылар мага аябай ишенишкендиктен так эле мени тандап туруп жөнөтүшкөн. Анткени баарынан көп иштеген тажрыйбалуусу мен болчумун. Анын үстүнө өзүм айдап жүргөн машинем дагы башкаларга салыштырмалуу жаңыраак. Машинеме бир күн мурун эле жүктөрдү жүктөп койгом. Эртеси таң атпай жолго чыгыгып кеттим.

- Жол сыйгалак, сак бол, жай айдап бар, жүгүң бир топ оор, - деп эскерткен механигибиз менен совхоз директору экөө. Ат-Башыга жеткичекти жолдо эки-үч ашуу бар. Мен үчүн Долонду ашкан анча деле кыйын эмес, анткени андан далай эле жолу өткөм. Ал эми Ат-Башы жактагы ашуу мен үчүн кичине кыйыныраак. Жол узак, эч токтобостон белгиленген мөөнөттө жеткирип, кайра кайтып келишиң керек. Кудайым колдоп эки ашуудан тең аман-эсен өтүп кеттим. Тоо аралаганым менен андан аркы жолум түз.

Оор жүктү алып ыргыткандай өзүмдү өзүм алаксыта кыңылдай ырдап түз жолдо кетип бара жаттым. Анан эле күтүлбөгөн жерден машинем кырсылдап барып жылбай өчүп калса болобу. Айланага күүгүм кирип келаткан, тегерегимде эч ким жок ээн жер. Кол фонаригимди алып бузулган жерин издеп кирдим. Акыры бузулган жерин издеп таптым, жеңил эле оңдосо болот экен, бирок айланага караңгылык кирип кетип, бир жагынан ызгаардуу борошо уруп иштегенге таптакыр мүмкүнчүлүк бербей койду. Муздак темир ачкычты кармап бурагылап атып бир топ үшүп да кеттим.

От жагып жылынайын десем айланада кум-таштан башка эч нерсе көрүнбөйт. Эбакта эле караңгы кирип кетип ызгаардуу суук күчөп баштады. Айлам кете баштады, ызгаарга машиненин ичи да муздап кетти. Акырындап менин денем дагы муздай баштады. Айланамда бир да жарык көрүнбөйт, үйлөрдүн, сарайлардын, машинелердин жарыгы көрүнбөйт. Тигил ашуулардан мындай кыйналбай эле бат өтүп кеттим эле, эми карабайсыңбы, түз, сонун жерден бузулуп калганын. Өзүнөн өзү эле коркунуч пайда болду, анткени колубуттарым үшүп иштемек түгүл кыймылдаганга мүмкүнчүлүк бербей калды. Ушул ээн талаада тоңуп өлүп каламбы деген да коркунучтуу ой кетти.

Күтүлбөгөн жерден бир жаш бала көзүмө көрүнүп кетти. Ал бир жок болуп кетип, кайра пайда болуп көзүмө көрүнө баштады.

Чын эле көрүнүп жатабы деп өзүмө өзүм ишенбей турдум. Жок, чын эле экен. "Бул кайдан адашып жүрөт?" деген ой кетти.
- Байке, машинең бузулуп атабы? Жүрүңүз биздин үйгө барып жылынып алыңыз, -деп ал жол баштап жөнөдү. Ага анча ишенбей турсам дагы артынан ээрчип жөнөдүм. Башка айла жок болчу. Болбосо бул жерде тоңуп өлүп калчудаймын караңгыда. Жол борошолоп кар учура шамал улуй баштады. Канча убакыт жол жүргөнүбүздү билбейм, бир кезде иттердин үргөнү угула баштады, электр жарыгы көрүндү. Тигил жакка алаксып калып алиги алдыда жол баштап келаткан баланын кайда кетип калганын таппай калдым. Жарыкка жетип келдим, саатты карасам түнкү саат үч болуп кальштыр. Өзүм дагы аябай үшүп суук денемден өтүп сөөгүмө жетип калган болчу. Өмүрүмдө мындай үшүп көргөн эмесмин. Үйдө чал-кемпир бар экен. Болгон окуяны түшүндүрүп айтып "силердин балаңар мени биякка чейин жол көрсөтүп ээрчитип келди" десем, экөө бири-бирин таң калыша карай "биздин эч кандай балабыз жок, балдарыбыздын бардыгы тиги төмөн жактагы айылда, жаңы жылды ошол жакта тоскону кетишкен" деп атпайбы.

Бардыгыбыз жабыла сыртка чыгып алиги өспүрүм баланы издедик. Аны эч жерден таппай койдук.
Ушунчалык сөөккө жеткен суукту биринчи кезиктиришим, кайра-кайра ысык чай ичип, жылуу тонго оронуп дүркүрөп күйүп аткан мештин, оттун жанында жатып араң дегенде таңга жуук барып жылыдым.
Эртеси күнү кечөөгүдөй бороон-чапкын жок, баары тынчып калыптыр, кез-кез жогору жактан муздак шамалдын илеби келип жатты. Асманда күн чакыйып тийип кечөөгү ызгаардын бири жок. Машинемдин бузулган жерин заматта эле оңдоп алып кайрадан жолго чыктым. Жүгүмдү жеткирчү жерге жеткирип кайра кайтып келгенде, менин өмүрүмдү сактап калган бала тууралуу айтсам эч кимиси ишенбей коюшпадыбы, бирок ошол окуя ушул убакытка чейин унутулгус болуп жүрөгүмө сакталып калды.
Дагы бир таң калычтуу нерсеси, эртеси күнү машине жакка баратканда жолдо бул жакка келген менин издерим бар да, аныкы көрүнбөйт. Кийин ошол жерден өткөн сайын эмнегедир ошол өспүрүм эсиме түшө берчү. Ооба, ал болбогондо ээн талаада өлүп калышым мүмкүн болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости