www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы ишкерлер менен уюмдарга калааны көрктөндүрүп, тазалап, өз үйүндөй мамиле кылуу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу аталган муниципалитеттен билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Бишкекте салык төлөп, продукция чыгарып, өндүрүш менен алектенип, элге кызмат көрсөткөн 72 миң чарба субъектилери бар.

"Бирок биздин шаарга камкордук, аярлап жана сүйүү менен жасалган мамиле жетишпейт. Урматтуу тургундар, сиздер павильон коюп, кеңселерди, банктарды ачып жатасыздар. Көп кабаттуу үйлөрдү куруп, бизнес-борборлорду тургузуп жатасыздар. Эмне үчүн өзүңүз иштеткен павильондун жана көп кабаттуу үйдүн жанын гүлдөтүп коюуга болбосун? Жакшынакай отургучту орнотуп, таштанды челек коюп... Бишкекке аяр мамиле кылып, бир чымчым сүйүү арнап коюңуздарчы...", — деген суроо берген мэрия.

Белгилей кетсек, Бишкекте жашылдандыруу тартиби боюнча ишканалар, мекемелер, уюмдар, чарба субъектилери, көп кабаттуу турак жайлардын ээлери, үйлөрдүн кожоюндары жанындагы тилкелерди жашылдандырганга милдеттүү.

Же болбосо аны карап, иретке келтиргенге киши жалдашы керек. Ал эми жанындагы тилке катары тиешелүү жерден 10 метр аралыктагы аймак эсептелет.

Бул деген ар дайым "өзүнүн жерин" кышында таштандыдан, кардан жана улам тамчы тама берип, чокмороктошуп калган муздан тазалап туруш керек дегендик. Жайында сугарып, чөбүн чаап, бак-дарактарды иретке келтирүү зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости