www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМдин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ч.Шекенов Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдагандай, 2017-жылдын 30-апрелинде 1987-жылы туулган Н.А. ажатканага барган учурда төрөп, ымыркай ажатканага түшүп кеткен. Окуя тууралуу келиндин жакындары Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн байланыш бөлүмүнө кабарлашкан.


«Кырсык катталган жерге жакын жайгашкан №20 аскерлешкен өрткө каршы бөлүгүнүн төрт кызматкери жөнөтүлгөн. Жакындары ымыркайдын тирүү калышынан үмүттөрүн үзүп коюшкан. Ошого карабастан өрт өчүрүүчүлөр тарабынан ыкчам чара көрүлүп, жаңы төрөлгөн наристени жип менен илип алуу аркылуу тирүү куткарышкан. Аны тазалап, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Тилекке каршы ымыркай ооруканада кайтыш болду. Мындай окуяларды алдын алуу максатында куткаруу кызматы кош бойлуу энелерди төрөтканаларга өз убагында кайрылууну эскертет», - деди Ч.Шекенов.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости