www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облустук соту милиция кызматкеринин кашын жара тепти деп айыпталган ырчы Алтынай Жайнакованы шарттуу түрдө 4 жылга эркинен ажыратылганы боюнча «Турмуш» сайты жазып чыкты. Маалыматка таянсак, аларга бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматынанкабарлашкан.

Мындай чечимди Ош облустук сотунун жазык иштер жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы 27-апрелде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүмүндөгү 3-пунктунун (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү, бейбаштык) негизинде чыгарган. Ошол эле берененин негизинде белгиленген жаза шарттуу деп эсептелип, ага бир жыл сынак мөөнөтү белгиленди. Эгер талаптарды бузбаса эркиндикте жүрө берет.

Буга чейин Ош шаардык соту 9-февралдагы жана 10-марттагы чечими менен ырчыны мамлекетке жалпы 50 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирген. Кийин ага нааразы болгон жабырлануучу тарап облустук сотко кайрылган.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости