www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айып пулдан баш тартты.

Мындай маалыматты аталган агенттиктин негиздөөчүсү Асел Оторбаева “Азаттык” радиосуна ырастады. Анын айтымында, президент Жээнбеков Бишкектин Свердлов райондук сотунун сот аткаруучулар кызматына кайрылып, агенттиктен талап кылган 5 миллион сомдук доодон баш тартарын билдирген.

Анын негизинде иш кыскартылган. Сот аткаруучулар бул боюнча 24.kg агенттигине маалымат берген.

Бирок президент ушул эле сайтка чыккан макаланын автору, журналист Кабай Карабековдон 5 миллион сом өндүрүү боюнча арызын чакыртып алган эмес.

“Азырынча маалымат агенттик төлөй турган гана айып пулдан баш тартты”, - деп билдирди Асел Оторбаева.

Былтыр сентябрда "24.kg" сайтына Кабай Карабековдун "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макала чыккан. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы "ушак жана жалган жалаа" деп сыпаттап, сотко кайрылган.

Доочу моралдык зыян катары макаланын автору Кабай Карабеков менен "24.kg" агенттигинин ар биринен 5 миллион сомдон өндүрүүнү талап кылган. Свердлов райондук соту алардын талабын канааттандырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости