www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Токмок шаарында жасалма акча даярдаган жана иштетип жүргөн жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Анда айтылгандай, кармалган жарандардын бири 22 жаштагы Н.Б. шаардагы билим берүү мекемесинин окутуучусу экени аныкталды. Анын жатаканадагы бөлмөсүнөн жасалма үлгүдөгү 500 сомдук 143 купюра, 200 сомдук үч купюра жана 100 долларлык бир купюра табылган. Анын шериги 26 жаштагы А.уулу А. аттуу тургундун чөнтөгүнөн болсо 500 сомдук жасалма үч купюра алынган.

Ушул эле фактыга байланыштуу иликтөөлөр учурунда башка даректеги үйдөн жасалма үлгүдөгү 158 даана миң сомдук, 20 даана 200 сомдук, 500 евро жана 100 долларлык акча табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча жасалма акча массалык түрдө жүгүртүүгө жете элек болгон. Ал эми акча жасагандардын башка шериктерине издөө салынды. Шектүү жарандар купюраларды түстүү принтерден басып чыгарганы аныкталды. Соттук медициналык-техникалык экспертиза дайындалып, тергөө уланууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости