www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында баласын өлтүрө сабап, 24 жаштагы А. Д. аттуу келин камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Учурда келиндин үстүнѳн Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголду. Өзү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүн сот анын бөгөт чарасын карайт.

Анын айтымында, аял 4-февралда Ош облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө оор жаракат алып, эстен танып калган баласын алып келген. Ал 2 жаш 8 ай болгон баласын “тепкичтен кулап кеткен” деп түшүндүргөн. Наристенин денесин кароо учурунда ал денеси көгала болуп, ички органдары жабыркаганы жана мээсине кан уюп калганы аныкталган. Тергөө учурунда аял баласын өзү кепкир (тамак аралаштырган буюм) менен сабап салганын мойнуна алган.

Ал уулун жалгыз тарбиялап келе жатканын, 3-февраль күнү тил албаганы үчүн сабап койгонун билдирген.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда ал сойкулук менен алектенип келгендиги айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости