Ажо менен Абдил Сегизбаев эмнени сүйлөштү?
Расмий кабарлар  |   |  978

Бүгүн, 17-майда, УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевди Алмазбек Атамбаев кабыл алды. Бул боюнча президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Президент өлкөдөгү улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу сураганда, Абдил Сегизбаев террордук багыттагы кылмыштарды алдын алуу иштерин күчөтүү аракеттери жөнүндө айтып берген.

Булак: «NazarNews.kg»

Поделитесь с друзьями