www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул сүрөт Фейсбукта көңүл борборунда, элдин чордонунда. Катуу талкууланып жатат. Айрымдары жактырса, айрымдары жактырбайт дегендей...

Акын, журналист Темирбек Алымбеков «өзү билет бекен?» десе, котормочу, акын, журналист Олжобай Шакир уулу мындай деген: “Атана куурагырлар айе, ушинтселе тарыхта калабыз дешкени го))))) Кыргыз эмне мынчалык мансапкорлукту сүйгөн калк - түшүнбөйм. Кээси чыкты ажыга барып келгендердин... Алар да шоопурга окшоп өз кабинеттеринин сыртына “баландай ажы” деп жаздырып алышат. Кээси чыкты көзү тирүүсүндө айылына же айылынын мектебине өз атын койдуруп алган. Вай-вай, мансапкорлук...”

Ал эми Руслан Бекназаров болсо мындай деп жазган: “Мындай учур айыл жеринин бардык жеринде бар. Жеке пикиримде колдойм. Айылдан чыккан тың балдар бир классты алып, бардык жабдуулар менен жабдып, жыл сайын оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүп турат. Бул жакшы көрүнүш».

Бул дагы көпкө талкууланат. А сизчи, окурман, кандай ойлойсуз?

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости