www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште Улуттук илимдер академиясынын ишин жакшыртууга багытталган “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору республиканын ресурстук мүмкүнчүлүктөрүнө жана заманбап талаптарга жооп берген академиялык илим системасын өнүктүрүү, өлкөнүн илимий техникалык потенциалын калыптандыруу максатында иштелип чыкты. Ошондон улам, анын иш-милдеттери жана милдеттери беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси сунушталууда.

Мисалы, мыйзам долбоору аркылуу КР Өкмөтүн КР Улуттук илимдер академиясынын түзүүчүсү катары саноо сунушталууда. Мындай түзөтүүлөр мамлекеттик акча каражаттарын пайдалануудагы көзөмөлдү күчөтөт жана илимий ишмердүүлүккө мамлекеттен  каржы бөлүүдө, бул чөйрөдө коррупциянын тамыр жаюусуна көмөкчү боло турган жагдайларды четтеттүүгө шарт түзөт.

Андан тышкары, УИАнын президенти 70 жаш курактан жогору эмес анык мүчөлөрдүн жана корреспондент-мүчөлөрдүн арасынан жашыруун добуш берүү менен, 4 жылдык мөөнөткө атаандаштык негизде шайланып, ал талапкер КР Премьер-министри тарабынан бекитилет жана бошотулат. Бир эле адам УИА президентинин кызматына катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар УИА президентинин жаш курагынын чегин чектебөө, аны академиктердин арасынан гана шайлоо зарылдыгын, УИАда илимий ачылыштар, келечектүү иштер жасалганы менен, аларды колдонуу жагы аксап жатканын, аны Өкмөт менен биргелешип чечүү керектигин белгилешти.

Булак: "kenesh.kg"

Последние новости