www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтайдан Өмүрбек Бабанов менен лыжа тепкенин Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазып, кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча ойлорун ортого салды. Идея болсо, ишке ашары калетсиз. Буюрсун. А биздин кеп башка.

Аскар Акаевдин бийлиги тушунда Өмүрбек Бабанов раматылык Айдар Акаевди алдап, дос болуп, бизнесин өркүндөтүп алганы баарына эле белгилүү. Май куючу жайларга кандайча ээлик кылып, байыганын билебиз.

Курманбек Бакиевдин режиминде оппозицияга кошулумуш этип, көшөгө артынан "соодалашып", вице-премьер-министрликке чейин көтөрүлгөн. Максим Бакиевдин кареги менен тең айланып, достошуп, көмүскөдөн капчыгын кампайтканын танабы?

Роза Отунбаеванын тушунда "апчелеп", парламентке партиясын өткөрүп алган. Бакиевчи "бет пардасын" сыйрып салып, дароо өз балага айланганын көргөндөр жакаларын кармашып, таңгалышкан эмеспи.

Андан соң Алмазбек Атамбаев президент кезинде 1-вице-премьер-министр, өкмөт башчылыкка чейин секирик жасап, саясаттагы жылдызы жанган. Тилекке каршы, аягында алкымын тыя албай "талп" эте жерге түшкөнүчү? Күлүк чыры коштолуп...

Кийин Соке менен так талашка чыгып, бирок чечкинсиздиги үчүн четке сүрүлүп, качып кеткен. Эл негизинен Бабановду колдогон, бирок ошол ишеничти актаган эмес. Табиятынан коён жүрөк болсо кантсин?

Октябрь төңкөрүшүндө Садыр Жапаровду бийликтен кууп түшүү үчүн "Форумдан" Алмазбек Атамбаев менен биргеликте аянтка колтукташып келип, ортодон чатак чыгып, Камчы Көлбаевдин балдарынан таяк жегенин кантебиз? Ошентип, ындыны өчүп, жарым жылдан соң камалып, 100 миллион сом төлөө менен эркиндикке чыкканы айтылган. Спонсорлук иштерин жасоону улантып, ушу күнгө чейин бийликке кызмат кылып келет.

Акыры мамлекет башчынын тилин таап, жанынан чыкпай шынаарлап, ишенимдүү адамга айланган кербези. Кызык, Садыр Жапаров түрмөдө жатканда эстеп койду беле? Андайда далысын салып, карап койгонго жарабай, а качан оомат оогондо түлкүдөй мант берип, бал тили менен арбап атканы ушулбу? Далай ажонун башын айландырып, түбүнө жеткен Бабановдун көздөгөнү эмне болду экен? Кыргыз элин курутуп кетпейби? Кудай сактасын! Сыягы, чиригенче байыганына алымсынбай, натыйжада, өкмөт башчылыкты мелжеп калгандай...

"Азия Ньюс" гезити

Последние новости