www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Негизи беш жылдан бери жылдардын ажаатын ачкан кадамдарды таштап туура багытта баратабыз. Илгери Аскар Акаевдин убагында аракет жылы дегенде элдин баары кыткылыктап күлгөн. Арак менен этти жегенди ким жаман көрсүн деп. Чынында эле осол кайрыктар арбып, элдин эсинде сакталарлык деңгээлдеги демилгелерди эске салуу кыйынга турат. Анын үстүнө Б. Талгарбековго, О. Ибраимовго, Танаевге окшогон “укмуштай көрөгөчтөр” биринчи адамдын колтугуна кирип алып өз көмөчүнө күл тартууну көздөгөн. Биринчи леди – Майрам Дүйшеевнанын да аппетити ачылып кетип, каухар, алтын дегендерди, жалтырак-жултурактарды көргөндө көңүлү майрамдагыдай көтөрүлүп турганы деле калп эмес болчу. Ал тургай кадр саясатына беш салаасын салып жиберип, “билерман, чечерман жеңеге” айланганы эмдигиче айтылып калууда. Ага караганда Раисанын кантсе да турмушта өз татыктуу орду калды деп айтууга негиз бар.

Албетте, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарыхка, маданиятка, улуттук нарк-насилге арнаган жылдары үзүрүн берди дегенден тартынбай деле койсок болот. Жаңыдан туурга конгон ажобуз Сооронбай Жээнбеков дагы көрөгөчтүгүн айгинелеп быйылкы жылды “Аймактарды өнүктүрүүгө” арнаганы жакшы ойлорго элди чумкутту. Аны тастыктагандай жылдын башындагы иш сапарын Теңир тоодон баштаганы бекерден эместигин бекемдеди. Жумгалдыктардын, кочкордуктардын жарпын жазып, көйгөйлөрүн чечип берүүгө чечкиндүү экендиги ого бетер карапайым калкты шыктандырды. Чынында эле ааламга жол айылдан башталарын эске алсак, мындан ары элеттиктерге болгон камкордук күчөөрү айкын сезилип калды. Тоолуу аймактардын элине таза суу жеткирилип, даңгыр жол салынып берилсе, үйү жарык, жылуу болсо, азык-түлүгү кампасында мол камдалса бакубат жашоонун булагы ошол болорун кантип танабыз? Элдин тиреги болгон биринчи адам ушинтип ак тилегин билдирип жатса, демек турмушубуз оңолот деп каниет кылганыбыз туура болот да?

Ошентсе да бул демилгени элдин катмарына жеткирүүгө оболу өкмөттүн атка минерлери, облустагы губернаторлор, акимдер, айыл өкмөттөрү аракеттенүүлөрү кажет. Эгерде баштагыдай адатына салып, жүр-нары мамиле кылам дегендер болсо андайлардын эсебин бирпаста эле таап коюшаарын да белгилей кетели. Мамлекеттин эсебинен айлык алып, конокко барганда чоң устукан жеген тың чыкмалар мындан ары элдин пайдасына иштеши шарт. Болбосо иши чатакка айланып кетээри бышык. Керек болсо элет жашоосун оңдоого атайын долбоорлорду жаздырып, инвестицияларды тартууга аракеттенүү зарылдыгы келип чыкканын сезүүлөрү мезгилдин талабы. Эмнеси болсо да “Аймактарды өнүктүрүү жылы” дегенди мамлекеттик кызматкерлер көңүл сыртында калтырууга акысы жок.

Албетте, биздин элдин ичинде ар кандай түспөлдөгү кишилер бар. Айрым бир көралбастар, ичине таруу айланбагандар, бул бийликти көрөйүн деген көзү жоктор дале болсо күңүрт жомокторун айтууга ынтызар. Сооронбай Жээнбековдун дөңгөлөгүнө мык таштоого, аны алсыз, чечкинсиз деп жаманатты кылууга жанталбас кылгандар эч убакта кабагын ачууга батынбайт. Түнөргөн бойдон тура берүүгө, кичине эле калпыстык көрсө кепке кыпчыла калууга, жарыкты карабоого, жалаң караңгыны сыпаттоого көмкөрөсүнөн жата калууга даяр тургандар көп болбосо да азырынча бар. Тилекке каршы элдин ишеничи менен такка отурган президентибиз буга окшогон кептерге маани бербей өз ишине батыл киришип, алгачкы эле айларда борозду терең айдап, келечектүү “үрөнүн” себүүгө жетишти. Буйруса айкын жүрүштөрдү жасап, майнаптуу жыйынтыктарды чыгарууга белсенгени элдин ишенимине жол салды.

Ж.Улукшер

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости