www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иликтөөлөрдүн натыйжасында көп аял алуу тууралуу бир гана Куранда эле эмес, Инжилде да  айтылганын байкайбыз. Бул - көп аял алуу маселеси Исламга чейин эле болгонун туюндурат.

Көп аял алуу маселесинин мааниси жана тарыхы

Мисалы, Эски осуятта эки аял алуу тууралуу мындай айтылган: “Демек эки аял алды. Биринин аты Ада, экинчисиники Зиле эле.”(Эски осуят; Башталыш 4:19) Ушуга окшош учурлар Ибрахийм, Иса, Давуд жана Жадгун пайгамбарлардын жашоосунда  да кездешет.(Башталыш; 1:25, 26,34-35 жана 18:19, Казылар 8:29-31) Ал эми Сулаймандын (а.с) 700 аялы жана 300 күңү болсо,  анын уулу Рухбуам 18 аял, 60 күң алганы менен белгилүү.

 Талмудда (жөөтөрдүн мыйзам китеби)  кимдин каржылоого мүмкүнчүлүгү болсо, ошол адам гана бир канча аял алганы баяндалат. Мындайча айтканда бир нече аял алуунун шарты - экономикалык мүмкүнчүлүк болгон жана төрт аялдан ашык алганга уруксат берилген эмес. (Явамат 65а,44а)

 Америкалык жазуучу, философ жана тарыхчы Уилл Дюранттын айтымында, жөөттөр тукум көбөйтүү максатында бир нече аял алышкан. Алар үчүн көп балалуу болуу маанилүү болгондуктан, төрөгүс аялдар күйөөлөрүнө күң алып келишчү. Мисалга Ибрахийм (а.с) аялы Саранын күңүнөн балалуу болгон.  Кийинчерээк бул салт акырындык менен жоюлуп, христиандар доорунда мындай көрүнүш жокко эсе болгон.

Бир нече жубай алуу тарых өзү күбө болгондой, тээ атам замандан башталган. Исламга чейинки арабдардан баштап, фарсы, еврей, хинди жана башка улуттарда көп аял алуу салты кеңири тараган эле. Даанышмандар көп аял алуунун бир канча себептерин айтып келишет, биз ошолордун негизги үчөөнө токтоло кетели:

1.  Экономикалык себептер. Айрымдар көп аял алуунун себептеринин тамыры экономикалык жагдайга туташкан деп далилдешет. Алардын айтымында, илгерки замандарда көп аялдуу жана көп балалуу болуу эркекке экономикалык жактан пайда алып келген. Анткени эркектер өз аялдары менен балдарын күң- кулдарга окшош иштетүү менен пайда көрүшкөн жана айрым учурларда балдарын акчага сатышкан. Бул көрүнүштөр  эркектердин ошол убактагы ашыкча үстөмдүгүнөн келип чыкканы маалым.

2.  Адамдын табигый жаратылыш себептери. Айрым эркектердин талаптуулуктарына жана аялдардын жеке абалдарына байланыштуу  экинчи аял алуу салты тараган. Ошондой эле аялдардын ай сайын көрүүчү этек кирлеринен улам өзүнүн жубайлык милдетин аткара албагандыгы,  боюна улам бала көтөрүп чарчоолору, тукумсуздуктары жана бала төрөө убактыларынын чектүүлүгү жана башка себептер дагы эркектердин экинчи ирет аял алууларына  түрткү болгон.

3.  Коомдук себептер.  Байыркы коомдо эл топ-топ, уруу-уруу болуп бөлүнүүсүнөн улам көп аял алуу салты келип чыккан. Ар бир улут, уруу саны менен сыймыктанып, көп балалуу болууга умтулган. Анткени менен аялдын бала төрөө убагы чектелүү болгон соң, бир нече аял алуу адаты кабыл алынган.

Эмне үчүн ислам көп аял алууга тыюу салган жок?

Жогоруда айтылгандарга ылайык, көп аял алуу салты Исламдан баштап  эмес, ага чейин эле адам жашоосунда болгону белгилүү болду. Ал эми Ислам  орто дин  жана адам табиятына шайкеш дин болгондуктан, адамдын табигый жана коомдук себептерине караштуу көп аял алууга тыюу салбастан, аны чектеп, шарттуу кылган.

Ошондой эле дагы бир коомдук себепке байланыштуу - аялдардын саны эркектерге караганда арбыныраак  болуусунан улам,  бул жаатта аялдардын укуктарына көңүл бурулган. Статистика боюнча төрөлгөн ар бир 100 балага 101 кыз туура келүүсү, дүйнөдөгү согуш-салгылашууларда көбүнчө эркектердин курман болууларынан улам дүйнөдө эркектердин саны аялдарга караганда азыраак экени аныкталат. Ал эми ар бир аял эрлүү, балалуу жана үйлүү-жайлуу болууга акысы бар экенин этибарга алсак, Исламда ар бир аялдын турмуш курууга укуктуулугу эске алынганын байкайбыз. Натыйжада Ислам дини көп аял алууга уруксат берүү менен биринчиден, аялдардын үй-бүлө куруу укуктарын коргогон. Албетте, Ислам ойнош күтүүгө, зынаа жолго барууга катуу тыюу салган. Ал эми айрымдардын табигый абалдарына караштуу  бирден ашыкча аял алууга атайын  шарттар менен уруксат берген.

Көп аял алууга тыюу салуунун натыйжалары: Эгерде турмушта бир гана аял алууга уруксат бериле турган болсо, жогорку себептерден алыс кете албай, бири-бирибиздин укугубузду тебелеген болуп калабыз. Бир нече аял алууга тыюу салуу коомго өз залакасын тийгизип, ар кандай кырдаалдан да коркунучтуу болушу ыктымал. Эки аял алууга тыюу салынган коомдо ойнош күтүү, бузукулук, кыянатчылык , зордук-зомбулук кеңири тараган. Мындан сырткары, аялдардын укугу тебеленип, алардын физиологиялык жана психологиялык жактан жабыркоолору аларды кекчил жана армандуу болуусуна шарт түзөт. Мындай адамдарга кайдыгер кароо туура эмес, анткени ар бир тирүү адам үй-бүлө куруп, жан сезимин азыктандырууга толук укуктуу. Андыктан, мындай коомдук зарылчылыктарга көңүл буруу менен аялдардын саны эркектерге караганда ашыкча болгон учурларда, аялдардын турмушка чыгуу укуктарын этибарга алуу керек. Бул маанилүү ишти коомдун саламаттыгы, көбөйүүсү үчүн аткарган оң. Анткени эки аял алууга тыюу салуу менен бузукулукка, коомдун азаюсуна жол ачкан болобуз.

Каныкей Жаманкулова,

Ислам дини боюнча эксперт.

Булак: "Ачык сөз"

 

Последние новости