www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 15-январь күнү Ош облусунун  райондор аралык сотунун төрагасы Бакыт Сарыбаев Ош шаарынын салык кызматынын, Социалдык фонд кызматынын жана Юстиция министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун максаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 16-декабрындагы Пленумунун № 13 токтомун ишке ашыруу болуп, анда юридикалык жактарды жоюуда райондор аралык соттор тарабынан колдонулуучу укуктук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдын нормаларын туура жана бирдей колдонуунун камсыздалуусу, юридикалык жактардын өз эрки жана мажбурлоо түрүндө жоюунун тартиптери талкууланды. Ошондой эле салык кызматынын жана Социалдык фонд органдары тарабынан юридикалык жактарды жоюу боюнча доо арыз берүүнүн, аларды өндүрүшкө кабыл алуунун жана кароонун тартибин талкуулап өтүштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости