www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ажыга барчулардын биринчи тобу 25-июнда Меккеге жөнөп кетишет. Бул тууралуу Кыр­гызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ажылык сапарды уюштуруу боюнча штабтын жетекчиси Жоробай Шаргазиев билдирди. Анын айтуусунда, Сауд Аравиясына 25-июндан тарта 7-августка чейин 18 учуу пландалды. Ажыга кеткендер кайра 27-августтан 9-сентябрга чей инки убакытта келишет.

Быйыл ажылык сапарына бару үчүн  7 миң 20 киши катталган. Баткен облусу боюнча 589, Ош облусунан 1 миң 500, Ош шаарынан 329, Жалал-Абад облусунан 1 миң 292, Чүйдөн 954, Бишкек шаарынан 425, Талас облусунан 93, Нарын дубанынан 44, Ысык-Көл жергесинен 87 киши ажыга барат. Ажылык сапарына Сауд Аравиянын FLaynas компаниясы иш алып барат.

Булак: Де-факто

Последние новости