www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Аида Исмаилова медицина тармагына сын айтып, бул тармакка күйгөндөй көрүнгөн. Анан эле дары-дармек департаментинин фармакология комитетинде иштеп жүргөн учурунда чуулгандуу «ФС-1» препараты боюнча шектүү суроолорду ээрчите жүргөн Гулбара Кулушеваны кеңешчи кылып алгандыгы кандай?
Эсиңерде болсо, аталган дары кургак учук менен ооруган адамдарга колдонулуп, жыйынтыгы адам өлүмү менен аяктабады беле? Адеп прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгондугу менен «жабылуу аяк жабылуу бойдон» калдыбы?
Кызыгы, Кулушева фармакологиялык комитетте иштеп турганда «Тонгкат Али» аттуу биокошулманы дары катары каттатып, мындан мамлекетке салык түшпөй, казынага зьшн келгени ашкереленеби? Финполиция атайын текшерүү жүргүзүп, бул боюнча мыйзам бузуу фактыларын аныктап, кылмыш ишин козгогону жалганбы?
Мындай шартта Кулушева эл өкүлү Аида Исмаиловага кеңешчи болуп, медицина жаатынан эксперт болуп акыл үйрөткөнү кандай? Моралдык жагын ойлонбойбу? «Тонгкат Али» биокошулмасын дары катары каттатууга эмне себеп болгон? Же Кулушева биокошулманы алып келген фирмалар менен жекече тил табышып алганбы?
Укук коргоо органдары муну тыкыр иликтеп, мамлекет канча чыгаша тарткандыгын санап чыгышы зарыл. Болбосо биокошулма дары катары катталып калган соң, салыктан бошоп кетет.
Эл өкүлү Аида Исмаилова акыркы учурда дары-дармек боюнча көп маселелерди алып чыгууда. Балким кеңешчисинин кыймыл-аракеттерин жаап-жашыруу үчүн элдин көңүлүн башка жакка буруп жатабы? Коопсуздук кецеши бул маселеге кылдат мамиле кылбаса болбойт го.
Азырынча Аида айымга жогорудагыдай суроолорубузду жолдой туралы. Жооп узатканга жараса, анысын да тыңдап көрөрбүз.
Булак: ”Азия Ньюс”