www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кенештин депутаты Акылбек Жапаровдун мурдагы жардамчысы камакта отурат. Ал муну ММКга берген интервьюсунда тастыктады. Кыргызстандын экономикасына 800 миллион сомдон ашуун зыян келтирген кызмат адамдарынан турган коррупциялык түйүн аныкталганын быйыл 20-мартта Башкы прокуратура кабарлаган. Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу жана кайтаруу боюнча өкмөткө караштуу комиссия «2016-2018-жылдары жасалма документтерди колдонуп мыйзамсыз аракеттерге барган» деп шектелип жатканы, андан бери мамлекет 847 миллион сомдук зыян тартканы айтылган.
Козголгон кылмыш иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (У КМК) өткөрүлүп берилген. Акылбек Жапаров азыр парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты. 2011-2012-жылдары ал финансы министри болгон.
Буга чейин айрым расмий эмес маалымат булактары Жапаровдун Алмаз Сагынбеков аттуу жардамчысы кармалганын маадымдашкан болчу.
Булак: Де-факто