www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист, белгилүү диктор Чынар Капарова КТРКда болуп жаткан акыркы окуялар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына “Супер инфо” гезити аркылуу кайрылды. Анда ал кесиптеши Чынара Токонова жетекчинин кысымына кабылып, инсульт алгандан кийин унчукпай кое албастыгын айтып, агынан жарылган.
Капарованын айтымында, ал дагы жаңы гана орун басарлыкка дайындалган Жылдыз Жумабекованын кысымына кабылып, анын куугунтугунун негизинде, Илим Карыпбековдун буйругу менен иштен кеткен. Чындыгын далилдей алган диктор кайра кызматка кайтып келгени менен өз арызы менен жумуштан кетүүгө аргасыз болгонун айткан. Мындай кадамга Жылдыз Жумабекованын “сени менен бары бир иштеше албайм” деген сөзү жана Ч. Токонованын оорусу себепчи болгон. Капарова КТРКда болуп жаткан окуяларды тыкыр карап, териштирип берүү өтүнүчү менен эл өкүлдөрүнө кайрылган.
Эске салсак, белгилүү журналист Ч. Токонова Жумабекованын кысымынан кийин өз арызы менен иштен кетип, инсульт дартына кабылганын жана бул ишти КТРК жетекчилиги териштириши керектигин анын апасы талап кылып ММК аркылуу кайрылган.
Булак: NazarNews.kg